Кыргызстандык жаран согушка катышкан чоң атасынын сыйлыгын алды

Голощаков согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Григорий Амененко тууралуу маалыматтарды табууга аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголуп кеткен жоокердин кыргызстандык үй-бүлөсү 79 жылдан соң, анын көзү өткөндөн кийин берилген сыйлыгын алды.
1 / 2

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголуп кеткен жоокердин кыргызстандык үй-бүлөсү 79 жылдан соң, анын көзү өткөндөн кийин берилген сыйлыгын алды

2 / 2

Владислав Голощаков согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Григорий Амененко тууралуу маалыматтарды табууга аракет кылган

Владислав Голощаков согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Григорий Амененко тууралуу маалыматтарды табууга аракет кылган.
"Интернетте маалымат көп эмес, бирок бир аз болсо дагы табылды. Менин чоң атам Григорий Амененко согушка 1941-жылы чакыртылып, Сталинград үчүн салгылашка катышкан. 1943-жылдын январь айында жаракат алып, Сталинградды коргогону үчүн медаль менен сыйланган. Лейтенанттардын курсун аяктап, пулемёттук взводдун командири болуп дайындалган экен. Ал соңку ирет Курск салгылашына катышыптыр. 1943-жылдын июль айында дайынсыз жоголгон", — деди Голощаков.
Амененко кайсы жерде каза болгону тууралуу анын туугандарында эч кандай маалымат болгон эмес. Буга байланыштуу небереси согушта курман болгондор тууралуу маалымат камтылган сайттарды карап чыккан.
"Так ошол сайттардан чоң атам Сталинград жана Курск салгылаштарына катышканын билдим. Анын документтерин топтоп көзү өткөндөн кийин ыйгарылган сыйлыгын алууга боло турганын да тактадым. Бул нерсе биздин үй-бүлө үчүн өтө маанилүү. Таң калганым жооп көпкө күттүргөн жок. Үйүмө Россиянын элчилигинин өкүлү келип чоң атамдын сыйлыгы даяр экенин жана аны алып кете аларымды айтты", — деди ал.
Голощаковго чоң атасынын көзү өткөндөн кийинки сыйлыгын Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташесинин жетекчиси, полковник Игорь Анатольевич Довбня тапшырды.
Кан майданда от кечип, атын түбөлүккө жазып кеткен Дайыр Асанов. Сүрөт баян