Батыштын күчтөр теңдешкен дүйнөдө өзү обочолонуп баштаганын айтышты

Ал европалыктар бир кезде алаңгазарлык менен Азия, Африкага башкача көз караш менен мамиле кылганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү учурдагы көп полярдуу, күчтөр теңдешкен дүйнөдө өзү обочолонуп калууда, азыркы жүз жылдыктын аягында, ал тургай экинчи жарымында АКШ жана Европа өнүккөн дүйнөнүн четинде калышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новостиге Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Александр Венедиктов айткан.
"Реалдуулук боюнча, Батыш дүйнөсү азыркы күчтөр теңдешкен замандын мезгилинде өзүнөн өзү обочолонуп бара жатат. Эгерде азыркы жүз жылдыктын аягында, ал тургай экинчи жарымында АКШ жана Европа XIX кылымда европалыктар алаңгазарлык менен дал ушундай аймак катары Азия же Африканы эсептеген сымал өздөрү дүйнөлүк өнүгүүнүн чет жакасында калса таң калбайм", — деген Венедиктов.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Батыштын текеберлиги тууралуу айтты