Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Херсондо диверсиялык топту табышты. Видео

Алар россиялык аскерлер жүргөн жерлерди жана облустагы аскердик-жарандык администрациянын өкүлдөрүн мелжеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиялык күч түзүмдөрдүн аскерлери Херсон облусунда диверсиялык топ менен кошо курал-жарактын ири арсеналын тапты. Бул туурасында РИА Новостинин кабарчысы билдирген.
Ыкчам иштерге аймакта иш алып барып жүргөн краснодарлык ОМОН да катышкан.
Украиналык диверсанттар учурда пландаган акциялары тууралуу маалымат берип жатышат. Алар россиялык аскерлер жүргөн жерлерди жана облустагы аскердик-жарандык администрациянын өкүлдөрүн мелжеген.
"Херcондогу россиялык аскерлердин аныкталган даректер боюнча жүргүзгөн иштери учурунда курал, ок-дары, жарылуучу заттар катылган жерлер табылган. Текшере келгенде деструктивдүү жана террордук акциялар учурунда кийүү пландалган атайын формалар да чыккан", — деп айтып берген россиялык күч түзүмдүн кызматкери РИА Новостиге.
Агенттиктин маектеши кармалган топтун арасында жардырууда колдонулуучу заттар, автоматтар, пулеметтор, ок өтпөс күрмөлөр табылгандыгын айтып берди.
Эми алардын Россия көзөмөл кылган аймакта иш алып барып, Украинанын коопсуздук кызматы менен байланышын аныктоо иши турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын "Айдар" батальонунун офицери колго түшүрүлдү