ИИМ: балдардын көбү кылмыш кылса жазаланарын билбейт

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын беш айында өспүрүмдөр 150дөн ашык кылмыш жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку класста окуган балдардын көбү укук бузуулар үчүн жаза коркунучу бар экенин билишпейт. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, Милиционер айымдардын ассоциациясынын төрайымы Каана Айдаркул билдирди.
ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, Милиционер айымдардын ассоциациясынын төрайымы Каана Айдаркул
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги балдарга каршы кылмыштар жана суудагы кырсыктар тууралуу" аталышындагы брифингге катышкан.
Адис быйыл 9-11-класстын окуучулары менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн айтты.
"Ага чейин "Менин укуктарым жана милдеттерим" деген китеп жарыкка чыкты. Биз укук жөнүндө эле эмес, милдеттер жөнүндө да сүйлөштүк. Мени таң калтырганы — 9-10-класста окуган балдардын көбү туура эмес иштин артында жоопкерчилик, жаза бар экенин таптакыр билбегени болду", — деди Каана Айдаркул.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын беш айында өспүрүмдөр 150дөн ашык кылмыш жасаса, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 200дөн ашуун мыйзам бузуу болгон. Башкача айтканда, быйыл кылмыштуулуктун саны бир аз болсо дагы азайган.
ИИМ: зордук-зомбулуктан жабыркаган балдардын саны эки эсеге өстү