БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Баткен облустук милициясы эки тестиердин аёосуз мушташып жаткан видеосу боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда кыз менен бала мушташып жаткан видео тараган. Кадрлардан алардын жанында аял киши карап турганын көрүүгө болот.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 10-июнь күнү Кадамжай районунун Кожо айылында болгон.
"Бул айылда жашаган атасынын үйүнө 38 жаштагы келин сегиз жана 15 жаштагы уулдарын алып төркүлөп келген. Ошол учурда үйдө жолдошу менен ажырашып кеткен, сегиз жана тогуз жаштагы кыздары бар сиңдиси болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал күнү сегиз жана тогуз жаштагы бөлөлөр уруша кетишкен.
"Ажырашып келген келин кызына болушуп, балдарды атайылап уруштурган. Ошол кезде баланын 15 жаштагы агасы келип калып таежесине кол көтөргөн", — деди милициядан.
Аталган материал Кадамжай РИИБдин электрондук журналына катталып, балдарды уруштурган келин менен анын эки кызы суралган. Ал эми анын эжеси уулдарын алып, өзү жашаган Алай районуна кетип калган.
Учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.