АКШга дүйнөдө саясий жана экономикалык үстөмдүгүн сактап туруу үчүн согуштан каржалып, мүлжүнүп бүткөн Европа, олку-солку болуп турган Азия, өзү тескей турчу башаламандык аба менен суудай зарыл. Айрым европалык союздаштары үчүнчү ирет дүйнөлүк согуштун босогосун аттаганы турат дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Мадридде 28-30-июнь күндөрү НАТОнун 36-саммити өтүп жатат, аны уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг тарыхый иш-чара деп атоого жетишти. Союздаштар альянстын 2030-жылга чейинки стратегиялык концепциясын кабыл алып, Россияны башкы душман деп жар салып, Чыгыш Европада саны 40 миңден 300 миң аскерге чейин көбөйө турган тез арада аракетке келчү күчтөрүн жайгаштыруу планын талкууламакчы https://ria.ru/20220628/sammit-1798557548.html. Альянс Киев режимин колдоо боюнча күчөтүлгөн комплекстүү план кабыл алат. Башкача айтканда, Украина Куралдуу күчтөрүн НАТО менен бирдиктүү стандартка жеткирип, Киев үчүн альянстын эшиги ачык экенин тастыктайт.
Иш жүзүндө Батыш Россия менен анын эң жакын союздашы Беларуска согуш жарыялоодо, мында Киев режими "акыркы украин калганга чейин" салгылашмакчы. Украинанын аймагын жана мамлекеттүүлүгүн демилитаризациялап денацификациялоодон баш тартуу эми таптакыр мүмкүн эмес.
Мадрид саммити Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү арызын, Австралия, Япония, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея менен кызматташууну да карайт. Бирок Россия менен күрөшүү күн тартибиндеги бардык маселелерди чаңында калтырчудай. Альянстын акылга сыйгыс, аша чапкан өзүмчүлдүгү адамзатты Үчүнчү дүйнөлүк согушка жетелеп бара жатат.
Ушундай беймаал убакта Улуу Британия армиясынын жетекчиси Патрик Сандерс Россия атайын операциядан кийин Европага 24-февралга чейинкиге караганда көбүрөөк коркунуч жарата турганын жар салды. Буга чейин ал премьер-министр Борис Жонсондон 2028-жылга чейин өлкөнүн коргонуу бюджетин ИДПнын 2,5 пайызына чейин көбөйтүүнү суранып, британ армиясы үчүн эң эле бийик максатты — "Россияны согушта жеңүү" чегин белгилеген. Афган талибдери кууп чыккандан кийин армиясы миллиондоп саналган ири өзөктүк державаны үстөмөндөтүүнү кыялданып койсо деле болот да.
Британиянын өзүнө өзү ашкере ишенип турганы НАТО мамлекеттеринин жалпы бир көйгөйүнөн кабар берип турат, булар дагы деле Ирак, Югославия, Афганистан, Ливия жана Сириядагыдай жазаланбай турганына жана ээн-эркиндигине таянышууда. Ал арада Москванын Европа контингентиндеги тең жана бөлүнгүс коопсуздук тууралуу сунушу актуалдуу болуп турат. Чет өлкөлүк армияны 1997-жылдагы ордуна кайтаруу акыры ишке аша турган окуя бойдон калууда, ал эми Украина аймагында АКШ спецназы менен НАТО өлкөлөрүнүн аскер адамдарынын болушу геосаясий акылсыздык деп бааланат.
Жаңы дүйнөнүн карааны
Батыштын бейжай багыты жана чагымчылдыгы, Украинанын НАТО боюнча авантюрасынын колдоого алынышы жана Киев режимин курал-жаракка толтуруу Москва менен Минскини коргонуу жаатында интеграциясын өнүктүрүүгө түртүп жатат. Вильнюстун Калининград облусун блокадада калтыруу аракетинен кийин Литва менен чектешкен жерде беларусь-россиялык аскер бөлүктөрүн жайгаштыруу ыктымалдуулугу күчөдү.
26-июнда жолуккан Россия менен Беларусь президенттери Владимир Путин жана Александр Лукашенко НАТОнун союздук мамлекеттин чек арасында аскер күчүн жогорулатышын, Польша менен Литванын чагымчыл аракеттерин талкуулашкан. Тез арада аракетке келүүнүн варианттарын карап чыгып, эң эле натыйжалуусу беларустук сокку уруучу учактарды тактикалык өзөктүк курал алып жүргөн деңгээлге жеткирип модернизациялоо жана Беларусь Куралдуу күчтөрүнө Россиянын "Искандер-М" (500 км аралыкка чейин учат) ракеталык комплекстерин берүү деген бүтүмгө келишти.
Таамай, ПВО ракеталарына карматпаган "Искандер" беларусь армиясына НАТОнун үстөмдүк кылуучу каражаттарын асимметриялык багытта жок кыла алат. Москва менен Минск авиатехниканы модернизациялоо, ошондой эле мобилдүү ракеталык комплекстерди жеткирүүнү тез арада ишке ашырууга макулдашканын белгилей кетели.
G7 лидерлери Москванын Минскиге өзөктүк курал берүү ниетине тынчсыздануусун билдиришти. Бирок Россия менен Беларусь өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык макулдашуунун бирин да бузган жок. Европа муну мойнуна алышы керек. Польша да союздаш мамлекетти 400 миң аскери бар армия курайм деп коркутпаганы оң, кесепети жакшы болбойт.
Канткен күндө да НАТОнун ичинде пикир келишпестик күчөп жатат. Рим, Париж, Мадрид, Анкара саясий чакырыктарга жана аскерий кооптуулуктарга ар башка көз карашта. Мисалы, Испания альянстан түштүк (африкалык) флангга көңүл бурууну талап кылууда, бирок АКШнын кысымы менен Украинадагы жаңжал жана "орустарды чыгышта тизгиндеп туруу" саясаты союздаштар үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон кала бермекчи.
НАТО саммитинин алдында Мадридде Европаны милитаризациялоого каршы миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты. Бул эки ача пикирдин ачык далили. Бир тарапта жөнөкөй эл, өкмөттөр, аркы жээкте АКШнын айдагындагы аскерий блок турат. Американын The Hill басылмасы деле Вашингтондун бүгүнкү күндөгү саясатын Франциядагы Наполеон менен нацисттик Германиядагы Гитлердин аракетине окшоштурган жок да.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.