РКӨФтин колдоосу менен Бишкекте суусундук чыгарчу заманбап завод ачылды

Завод жылына 30 миллион литр даяр продукция чыгарат. Товар Россияга жана башка өлкөлөргө экспорттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандагы биринчи жабык циклдеги алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу заводду каржылап, ишкана иштей баштады. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Бул үчүн "Дэйвен Компани" ЖЧКсына 2,8 миллион доллар бөлүнгөн. Каржылоо "Демир Банк" менен биргеликте ишке ашырылды.
Ишкана Кыргызстандагы биринчи жабык циклдеги завод. Ал үзгүлтүксүз өндүрүштүн уникалдуу технологиясын колдонот. Тагыраагы, желим бөтөлкөнү чыгаруудан баштап продукцияны куйганга чейин өзү ишке ашырат. Ишканага HACCP жана ISO тамак-аш коопсуздугунун стандарттары киргизилгени турат.
Компания продукциянын ассортиментин кеңейтип, продукциянын жана экспорттун көлөмүн бир нече эсеге көбөйтө алат. Долбоордун алкагында 70 жаңы жумушчу орун түзүлөрү айтылды.
Завод жылына 30 миллион литр даяр продукция чыгармакчы. Товар Россияга жана башка өлкөлөргө экспорттолот.
РКӨФ Кыргызстанда бизнес жасоонун артыкчылыктарын санады