Жездин экспорту былтыркыга караганда эки эсе азайды

Кыргызстан өткөн жылдын январь-апрелинде 820 миң долларга 207,7 тонна жез саткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстан быйылкы жылдын январь-апрель айларында 435 миң доллар суммасына 98,4 тонна жез экспорттогон. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылган.
Металлдын бул түрү бир нече мамлекетке чыгарылса, алардын ичинен Сауд Арабиясы баарынан көп, тагыраагы, 36,5 тонна сатып алган.
Өткөн жылдын январь-апрелинде 820 миң долларга 207,7 тонна саткан. Экспорттун көлөмү эмнеге эки эседен арбыныраак азайып кеткен себеби айтылган эмес.
Эгерде былтыркыга салыштырсак, быйыл жогоруда көрсөтүлгөн айларда Испанияга, Иорданияга, Казакстанга, Канадага, Кытайга, Улуу Британияга кеткен эмес.
Булардан сырткары башка мамлекеттерге да экспорт кескин азайган. Маселен, өткөн жылдын төрт айынын эсеби менен алганда ал мезгилдери Сауд Арабиясына 63,2 тонна сатылганы айтылды.
Кымбат металлдын экспорту бир нече ирет түшүп кетти