Кара-Көл шаарынын мэри алмашты

Тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Калаанын мурдагы жетекчиси Алмазбек Балташов президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу менен ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргызстандын НАТОдогу жана Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү иштен кетти