Бишкектеги №2 мончо түрттүрүлө баштады. Сүрөттөр

Жаңы мончодо бассейн, дарылоо жана массаж бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле анын аймагын көрктөндүрүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Жибек Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №2 мончо бузула баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
1 / 5

Борбор калаадагы Жибек Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №2 мончо бузула баштады

2 / 5

Маалыматка караганда, анын ордуна жаңы мончо курулуп, шаардыктарга жеткиликтүү баада кызмат көрсөтөт

3 / 5

Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат

4 / 5

Жаңы комплекс жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат болмокчу

5 / 5

Анын жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзөт

Маалыматка караганда, анын ордуна жаңы мончо курулуп, шаардыктарга жеткиликтүү баада кызмат көрсөтөт.
"Борбор калаада соода борборлору же көңүл ачуучу оюн-зоок жайларын гана эмес, социалдык объектилерди дагы куруу керек. Биз шаар тургундарына ыңгайлуу, заманбап талаптарга жооп берген, жакшы шарттары менен социалдык мончо курабыз. Анын курулушу шаардык бюджеттен каржыланат", — деди шаар башчысы Эмилбек Абдыкадыров.
Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңы комплекс жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат болмокчу. Анын жалпы аянты 1 404 чарчы метрди түзөт.
Жаңы мончодо бассейн, дарылоо жана массаж бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле анын аймагын көрктөндүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, эски мончонун имараты 1958-жылы пайдаланууга берилген жана андан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 10 жыл мурун комиссия аны авариялык абалда жана оңдоого жатпайт деп тааныган.
"Тазалык" өз акчасына 100 таштанды челек сатып алды