БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. РФ менен Кытай башында турган Батышка каршы коалиция улам күч алып бара жатат. Бул туурасында Die Welt басылмасы жазды.
Макалада Германияда көпчүлүк өлкөлөр Украинаны колдошот деп эсептешерин, бирок бул адамдардын баары "акыйкаттан алыс экендиги" айтылган. Авторлор БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) башында турган Батышка каршы блок саясий жана экономикалык таасирин улам арттырып барат деп белгилеген.
"Батышка баш койгон G7нин калкы 771 миллион адам. 3 миллиарддан ашыгы АКШ менен Европага каршы турган жети мамлекетте жашайт. БРИКСтин экономикалык байланыштары бекемдеп жүрүп отурмакчы. Россия дүйнөдө этти экспорттоо боюнча экинчи орунду ээлеген, Бразилияны жер семирткичтер менен камсыздаган негизги өлкө. Россиянын жолдорунда кытай автоунааларынын саны өсүп бара жатса, индиялык супермаркеттер бул өлкөдө өзүнүн филиалдарын улам арбын ачып жатат", — деп айылган макалада.
Бул мамлекеттерди бириктирген дагы бир нерсе — Батыштын баалуулуктарына баш койбогондук экендиги айтылган.
Өткөн аптада БРИКСтин XIV саммити өттү. Ага Россия лидери Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Бразилия президенти Жаир Болсонару, Түштүк Африканын башчысы Сирил Рамафоса катышып, ал эми Кытай жетекчиси Си Цзиньпин төрагалык кылган.
Майдын ортосунда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И БРИКСти кеңейтүү процессин баштоону сунуштаган. Анын айтымына караганда, бул уюмдун ачыктыгын, таасирин арттыруу аракетин көрсөтүп, тынчтыкты бекемдеп жана колдоого салымын кошорун, андан сырткары, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө чакырык саларын айткан.