Путин Душанбеде Рахмон менен коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалды талкуулады

Путин Рахмондон Тажикстандын Афганистан жана башка коңшулары менен мамилеси тууралуу сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Афганистандагы кырдаал турукташышы үчүн РФ баарын жасай турганын билдирди.
Президент Душанбеге расмий сапар менен барып, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушууда. Тараптар афган тематикасындагы маселелерди талкуулашты.
“Сиздер билесиздер, биз ал өлкөдө кырдаал турукташышы үчүн баарын жасайбыз, абалды көзөмөлдөп жаткан саясий күчтөр менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди Путин.
Ошондой эле ал Тажикстандын Афганистан жана башка коңшу өлкөлөрү менен мамилеси кандай нук алып жатканы туурасында Рахмондун пикирин угууга ынтызар экенин белгиледи.
Мындан сырткары, Путин афган этносторунун баары өлкөнү башкарууга катышышы керектигин айтты.
Ал Москва менен Душанбе бардык багыттар боюнча активдүү иштешип жатканын, эки өлкөнүн мамилеси терең жана союздаш экенин кошумчалады. Ошону менен катар Россияда иштеп жүргөн Тажикстандын жарандары РФ экономикасынын өсүшүнө зор салым кошуп жатканын белгиледи.
Рахмон Исфара тургундарын кошуналар менен ынтымакта жашоого чакырды