Ош шаарында ичүүчү сууну тазалаган жаңы системага 10 күн бою сыноо жүргүзүлдү

Бул технология Бакуда активдүү колдонулуп жаткандыктан, ал жакка маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жөнөтүлөт.
Sputnik
ОШ, 28-июн. – Sputnik. Ош шаарында селден кийин ылайланган сууну тазалоочу система сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев журналисттерге билдирди.
1 / 4

Ош шаарында селден кийин ылайланган сууну тазалоочу система сыноодон өткөрүлдү

2 / 4

Белгилей кетсек, калаада расмий маалыматтар боюнча 300 миңден ашуун таза суу колдонуучу бар

3 / 4

Суу элге Ак-Буура дарыясынан берилет

4 / 4

Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, суу берүү бир нече күнгө чейин үзгүлтүккө учурайт.

Белгилей кетсек, калаада расмий маалыматтар боюнча 300 миңден ашуун таза суу колдонуучу бар. Суу элге Ак-Буура дарыясынан берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, суу берүү бир нече күнгө чейин үзгүлтүккө учурайт.
Жунусбаев ылайланган сууну тазалоочу системаны сыноо 10 күнгө созулганын билдирди. Анын айтымында, мындай ыкма Баку шаарында колдонулуп келет.
"Атайын адистерден турган топ жакынкы күндөрү Баку шаарына атайын иш сапары менен барып, суу тазалоонун бул ыкмасы кандай иштеп жаткандыгы менен таанышат. Андан соң суу боюнча атайын адистердин, эксперттердин пикири, корутундусунан кийин сууну тазалоочу 1 500 даана жабдык сатып алынат. Ар бир жабдык бир суткада төрт метр куб сууну тазалоого ыңгайлаштырылган", — деди ал.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бул долбоорго 10 миллион доллар керектелерин билдирген.
Жунусов долбоор ишке ашса Ош шаарынын жашоочулары таза суу менен 20 пайызга камсыздаларын белгиледи. Ал эми калган 80 пайыз сууну Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу аркылуу алуу пландалууда. Аталган долбоордун баасы 3 миллион доллар, ага Азия өнүктүрүү банкы гранттык негизде колдоо көрсөтөт. Бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат.
Эгер эки долбоор тең ишке ашса, анда суткасына 150 миң куб суу тазаланат.
Мэр Мамбетов Ошто сууну тазалоо боюнча эки долбоор даярдалып жатканын айтты