Радио

Шайдуллаева: кумаркана элдин адеп-ахлагына доо кетирет

Социология илимдеринин кандидаты, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева кумарканалардын ачылышына социалдык тармак колдонуучуларынын 70-80 пайызы каршы экенин белгиледи.
Sputnik
Кумаркана элдин адеп-ахлагына, үй-бүлөнүн бекемдигине доо кетирип, кылмыштуулукту, коррупцияны күчөтүшү мүмкүн. Мындай пикирин Топчугүл Шайдуллаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдагы чет элдиктер гана кирет деген норманын иштеши суроо жаратат.
"Казинолордун ачылышына уруксат берген мыйзам кызуу талкууланып кабыл алынды. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын 70-80 пайызы буга каршы болууда. Өлкө жетекчилиги казинолор чет өлкөлүктөр үчүн ачыла турганын айтууда. Анткен менен көпчүлүк учурда мыйзамдар иштебей калгандыктан коомчулукта чочулоо болуп жатат. Кыргыз жарандары казиного кирип, анын терс таасири тийип калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Анткени кумарканага барып көптөгөн үй-бүлө бузулган, ден соолугу начарлап, өз жанын кыйгандар да болгон. Мына ошондуктан 10 жыл мурда жарандык коом түп көтөрүлүп кумарканалар жабылган. Кумаркана элдин адеп-ахлагына, үй-бүлөнүн бекемдигине доо кетирип, кылмыштуулукту, коррупцияны күчөтүшү мүмкүн", — деди Шайдуллаева.
Ошондой эле ал кумар оюндары элдин нарк-насилине жат экенин кошумчалады.