Радио

Бекешев: казино боюнча мыйзам долбоорго ашыкча нормалар кирип калды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев чет элдик жарандар үчүн казино ачылыш керектигин белгилеп, бирок мыйзамды колдобогон себебин түшүндүрдү.
Sputnik
Казинодон акчадан башка пайда жок. Үй-бүлө бузулат, кылмыштуулук күчөйт, терс жактары көп. Мындай пикирин Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамга казинону жарнамалоону киргизүү ашыкча, анткени чет элдиктер кыргызча жарнаманы көрбөйт.
"Чет өлкөлүк жарандар үчүн казино ачылышы керек. Бул тажрыйбаны башка өлкөлөр колдонууда. Бирок мыйзам долбоорго ашыкча нормалар кирип калган. Ошол эле казинону жарнамалоого уруксат берүү. Чет элдиктер кыргызча жарнаманы көрбөйт. Демек, бул кыргыз жарандарынын казиного кирүүсүнө жол ачышы ыктымал. Мындан тышкары, онлайн-казино боюнча кирип калды. Аны министрлер кабинети, укук коргоо органдары көзөмөлдөшү үчүн каражаты, мүмкүнчүлүгү жок. Казинонун бир эле пайдасы бар. Ал акча. Үй-бүлө бузулат, социалдык терс таасири бар, кылмыштуулук күчөйт", — деди Бекешев.
Депутат казино мыйзамсыз кирешени легалдаштырууга ыңгайлуу болгондуктан "кир жуучу машинага" салыштырыларын кошумчалады.