Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскерлер "Азот" аймагынан чет элдик курал-жарактын топтомун табышты. Видео

Аскер бөлүктүн кызматкери химкомбинаттын инфраструктурасы, жер алдындагы курулуштары өтө татаал инженердик система экендигин айткан.
Sputnik
"Ахмат" деп аталган Чеченстандын атайын аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери менен Луганскинин Элдик милициясы бошотулган Северодонецкидеги "Азот" комбинатынын аймагынан Батыштын курал-жарагы сакталган жайды тапты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Заводдун аймагын тазалап жатабыз. Көп нерсе таптык. Акыркы ирет олжолонгон пулемет менен он же сегиз куту ок ташып чыгышты. Курал менен ок-дарыны алдык", — деп РИА Новостиге "Ахмат" аскер бөлүгүнүн Кот каймана аты бар кызматкери айтып берген.
Анын билдиргенине караганда, ишканын аймагынан чет өлкөдөн өндүрүлгөн курал менен ок-дарынын бир нече топтомун бир табышкан.
"Алардын кандайча дыкаттык менен коюлганын көрүүгө болот, тагыраагы, узак мөөнөттөгү коргонууга даярданышкандай", — деп түшүндүргөн ал.
Аскер бөлүктүн кызматкери химкомбинаттын инфраструктурасы, жер алдындагы курулуштары өтө татаал инженердик система экендигин айткан.
Ишемби күнү Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-лейтенант Игорь Конашенков душмандашкан тараптын "Азотту" каршылык көрсөтүү очогуна айлантуу тилеги таш капкандыгын билдирген. Ал ЛЭРдик чек ара боюндагы Түндүк Донецкинин сол жээги, анын ичинен Боровское шаары, эл жашаган Вороново жана Сиротино жайлары ЛЭРдин көзөмөлүндө экендигин айткан.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген.