БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы жигит ооруканада көз жумганын Свердлов районунун милициясы кабарлады.
Каргаша Бишкектин чыгыш бөлүгүндө болгон. Милициянын айтымында, жигит жакындап келе жаткан поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин болгон күчүн жумшап поездди токтотууга кылган аракети жардам берген эмес.
Тергөө иштери жүрүп жатат.