Шейшембиге карата аба ырайы

27-июндан 30-июнга чейин өлкөдө катуу ысык болору айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-Июн. — Sputnik. Шейшемби, 28-июнда, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +23...+28 градус болот.
Борбор калаада күндүн табы +35...+37 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетери болжолдонду.
"Тазалык" өз акчасына 100 таштанды челек сатып алды