Өкмөттүн "Кыргыз эйрвейс" ишканасы лизингге эки учак алууну пландап жатат

Ишкананын уставдык капиталында каралган 15 миллион сом донор берген кредиттен алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанга эки самолет сатып алуу пландалууда. Бул туурасында "Кыргыз индустрия" мамлекеттик ишканасынын экономика жана финансы боюнча вице-президенти Тургун Асанов парламентте билдирди.
Анын айтымында, жакында эле 15 миллион сомдук уставдык капиталы менен "Кыргыз эйрвейс" ишканасы түзүлгөн. Капиталга салынчу каражат донорлор берген кредиттин эсебинен алынат.
"Бул ишкананын милдети — ички жана эл аралык каттамдарды тейлеген улуттук авиакомпанияны түзүү. Учурда чет өлкөлүк авиакомпаниялар иштеп жатат, бул капиталдын чыгып кетишин да азайтат. Алдыда лизингге эки учак алууну пландап жатабыз. Алардын жардамы менен компаниянын ишин уюштурабыз", — деди Асанов.
Ошондой эле ал келечекте "Кыргыз эйрвейс" дагы көбүрөөк учак менен камсыздаларын кошумчалады.
Бишкекке 120 электробус алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50,6 млн. доллар бөлөт