Артыкчылык аттестатына республика боюнча 2000 окуучу талапкер болуп катталган. Алардын 80и гана "Алтын тамгага" ээ болушту. Бул тууралуу Амангелди Сыдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл артыкчылык аттестатына ээ болгон балдардын саны жылдагыдай аз болду.
"Мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган окуучулар бүтүрүү экзамендеринен бошотулат. Бирок ЖОЖго өтүү үчүн ЖРТ тапшыруусу талап кылынат. Тактап айтканда, артыкчылык аттестаты менен түз эле ЖОЖго өтүп калбайт. Бирок "Алтын тамга" алган балдар ЖРТдан да жогорку баллдарга ээ болуп, бюджеттик окууга өткөн учурлар көп",— деди Сыдыбаев.
Ал ошондой эле артыкчылык аттестатын алууда орто мектептер жана гимназия, лицейлерге өз-өзүнчө талаптар коюларын кошумчалады.