Манас Сайкалдын сулуулугуна суктанып, кызылына кызыгып... Улуу баяндан 6 факт

Бу саам окурман Манас баатыр менен Кыз Сайкалдын тирешинин кызыгына батат.
Sputnik
Манастын жарааты. Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жекеси чырга айлана турган жерде ортого Тейиш кан өзү түшөт. Эрегишип жанчышкан экөө болсо, башкалар буга неге теригебиз деп катуу айтты касташып турган жааттарга. Жарадар Манастын жанына барышты. Сайкал кыз найзасын ушунчалык катуу сайган экен, беш-алты жигит түпөгүн аста-аста жылдырып келип, акыры сууруп алышса, суурулган жерден кочуш-кочуш кан кетет, баатырыңдан жан кетет. Жараатынын ордунан кыпкызыл эти чыгып, адам тиктегис болуптур. Ошол кезде табыптар Эр Манаска оржемил деген дары берсе, жаны ачып турган неме бирин калтырбай жутуп жиберет. Дары ичке кирери менен аккан каны басылат, тунарып турган эки көзү пар ачылат, бүт баденине кан жүгүрөт. Анан Манас деген Манас болсо тынч жатмак беле? Найзасын колго алып, Аксаргыл атына камчы салып, жеңилип калган ызасын тулку боюна чыгарып, кармашар майданга кайра чыгат. Айкырык салган берендин шаабайын биротоло суутайын, асмандаган баатырды жерге түшүрөйүн деп жеңишине шерденген Кыз Сайкал майданга бир жагынан келет келишкен атын алкынтып. Көрсө Манас, армандуу Манас Кыз Сайкалдын "Сулуулугуна суктанып, сундурган найза бош салып, кызылына кызыгып, жарааттуу кылбай алсам деп" аяп койгон экен. Ошондо канкор Манас жараатына чыдабай, ачыштырган денесиндеги Сайкалдын найзасынын уусу тарабай, "жоо аяган жаралуу" деп катын менен кармашууга "жаалы чыгып сөзүнөн, жалыны чыгып көзүнөн" чындап баш-оту менен баратты.
Манас менен Кыз Сайкалдын экинчи жолу сайышка чыгышы. Барып эле найзалары менен бири-бирин жанчып өттү. Көкүрөк соотторуна шарактап найза учу тийди. Шилекей жутпай чакашып, бирине бири найзаларын маташып, бир ары өттү, дагы бир бери өттү. Көргөндөр ичинен көп санаага батып турду. Ургаачы менен эркек эрөөлдө бири-бирин кезешет. Эрегишкен эки баатыр бири-биринин өлөр жерин аңдышат. Манастын оң көзүнөн от чыкты, сол көзүнөн чок чыкты. Аксаргылын алкынтып, Кыз Сайкалдын төшүнө найзасын бир шилтеп алды. Ошондо Сайкал кыз төшүнө найза кагылганга көзүнөн оту чагылып, эсинен кетти жаңылып, минип турган Сары атынын соорусуна дейре сүрүлүп барды. Жаалданган Сайкал кыз заманасы тарылып, Сары атынын башын буруп, бучкагына камчы салып, өздөрү жакка өтө барды. Аны көрүп намыстанган шер Манас кууп алды артынан. Кыз эмес ким болбосун ыргыта сайып ийгидей. Сайкалдын болсо, акылы кетип башынан араң турат, абдырап да, жалдырап. "Сайышына чыгар деп Манас турат чакырып, колунан келсе жыксын деп, коркпосун Сайкал, чыксын деп" Манас ат ойнотуп, найзасын көккө көтөрүп улам-улам демитип, улам-улам кылмактар жакка обдулуп турат. Калмак журту баарылап Кыз Сайкалды Манаска каршы баргын дейт, өчүң болсо алгын дейт. Кыз Сайкал кыйын кыз экен, Манаска каршы чыкпайт. Чыкпай койсо не кылат? Калмактардан кан Тейиш, казактардан Айдаркан, карап турган канча жан, калктын баары чочуду, ушул турган Манастын, жолборстой алкынган түрүнөн, ажыдаардай жалын чачкан сүрүнөн. Анан байгени буга бербесек болбойт деген чечимге келди даанышмандар. Манаска бир адамы даай албай ортодогулар бир укса ушунун сөзүн угат деп Бакай менен Мунарканга барышты. Шашып баргандар Манасыңар бул сайышта утту, эр сайыштын байгеси токсон жылкы, тогуз төө эле, ошонун баарын алгыла дейт. Эми Сайкал баатырбыз чыкпады, сайышты токтотолу деген таклибин айтышат. Муну Бакай менен Мунаркан Манаска угузса, кайран Манас күймөнүп, чалкадан кетти сүйлөнүп.
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас
Манастын айтканынан кайтпай көгөрүшү. "Байгеден алчу малыңар токсон экен көп болсо, ушунчалык малга кызыккан томояк болсоңор экөөңө мен тогуз жүз жылкы берейин, бирок мени майдандан кайтарбагыла, мага мал эмес, намыс керек" дейт көкжал көгөрүп. Бул ушундай айтканын бербеген неме. "Катынды сайып жыга албай кантип элге барайын, кайнап жаткан кары-жаш, анын бетин кантип карайын, кызды сайып жыкпастан кыргызга кантип барайын" деп Манас көзүнө көрүнбөй жаткан Кыз Сайкалдын маалкатпай тез чыгышын, же жыгылышын, же жыгышын талап кылып туруп алды. Бул жоопту угуп ортодогу экөө өз колу жакка барышты. Бакай, төлгөчү кара Төлөк, төрт баатыры кошулуп Айдаркан менен Тейиш кан, аксакалдары Карача, Үйшүн болуп эми Кыз Сайкалдын астына келди. Келишсе, эми Кыз Сайкалы башкача: атынан түшүп, жер жазданып жатат, "башымды кессеңер да, Манасыңар менен сайышка барбайм" дейт көшөрүп. Айтканындай эле бар экен, жарааты анын чоң экен. Манас керилип туруп төштү мээлеп сайганда, найзанын артын бир ныгырып алганда, Кыз Сайкалдын эти ачынып, чарайнадан өтө албай баатырдын түпөктүү найзасы токтоп калыптыр, ошондо кыздын өпкө-боору куушурулуп, өң-алеттен кетиптир. "Этинен тери сызылып, эки таноо кысылып, өңү жаман бузулуп, сокмогу менен найзанын солуп Сайкал калыптыр", "күчү менен найзанын күйүгүп Сайкал калыптыр". Не кыларын биле албай, элчи болуп келишкен Айдаркан, Эштек кары, калмактан Тейиш кан, Карача, Манас жактан Бакай менен Мунаркан – жалпы болуп сегизи кайра тартты баатырга. Ага карап корунуп да, кысылып Сайкалдын эми сайышууга чыкпай турганын айтышат. Анда ачуусу тарабаган эр Манас, эчен жоону жеңген шер Манас же жыгылып, же жыкпай кете албашын, өзү ушул жерде өлүмгө баш байлаганын айтат. Эки ортодо сегиз киши кыйналат. Чын эле Манас өлүмдөн кайтпас неме экен, кайра-кайра Сайкалды чыгаргыла жекеме-жекеге деп туруп алат. Арага келгендер эми Сайкалга жөнөшөт салпактап. Ортого түшкөндөрдөн Карача кыйла акылдуу экен, Сайкал эми чыккыдай эмес, анын атын сурап алалы да, жанагы көгөргөн көк бет Манаска тартуу кылалы дейт. Муну баары макул көрөт. Анан алар Кыз Сайкалдын тоодой болгон Сары атын алып жетелеп, сабыр кыл баатыр, бул ат Кыз Сайкалдан сизге тартуу деп алдына көпчүлүк болуп барышат. Сайкалдын атын көрүп Манас анын чын эле сайышка түшпөсүн билет, атын кайра аны жетелеп келген калмактын Карача байына тартуу кылып жетелетет.
Ошол бойдон Кыз Сайкал Манастын көзүнө көрүнбөдү. Аны көрбөй калганга Манас болуп турду арманда. Сулуулугу суктантты. Эр сайышта сайып түшкөнү ардантты. Эми болсо чыкпай коюп, дагы бир арын козгоду. Ушуну катын кылып албасам элеби деп бир жагы көзү түшүп суктанды, бир жагы намыстанып ичтен өзүнө өзү шерт кылды. Тейиш канды тууруна кондуруу салтанатындагы эр сайыш ушинтип бүттү. Кечинде ар бир келген жак кош-кошуна барышты, түнкү конокко бээ союлуп, түшкү конокко тай союлуп, ортолукта кой эсеби жок тартылып жатты.
Иллюстрация Теодора Герцена из эпоса Манас
Аккуланын байге алышы. Эртеси эңишке ашык-кеми жок эки жүз балбан чыкты. Бири-бирин көтөрүп чаап, бири-бирин терешип, бири-бирин жагытып эле кечке эрмек болушту. Кечки салкын түшкөндө Агыястын чатынан аттын чаңы көрүнүп, баягы байгеге чабылган күлүктөрдүн келе жатканы билинди. Баары чаң чыккан жакты карады. Уюлгуп эле чаң чыгат, чаң чыккан сайын жарышка атын агыткандардын жүрөгүнөн жан чыгат. Ана дешти, мына дешти, ал келатат дешти, бул келатат дешти. Келатканы билингенде дүрбү салып карашса, серепчилеп тиктешсе куюндай болуп жүгүрүп, башка аттардан бөлүнүп, аркардай болуп түрүлүп, "тар колтуктан суу чыгып, таноодон кара буу чыгып" Кула ат келе жаткан экен. Анан андан "Аккула өттү дыркырап, туягы тийген таштары туш-тушуна зыркырап". Мунун артынан казактын баарын сүйүнтүп Айдаркандын Карасуру келе жатат, коёндой кулак жапырып. Анан кийин Мунардын аты Көктелки, Ошпурдун аты Оркызыл, Саламаттын Сарала, ээрчишип келди марага. Карача бай Тейиш кандын кырк атка койгон байгесин талаштырбай, талатпай бөлүштүрүп жүрөт. Берешен Манас не кылат? Аккуланын байгесин айкөл тупатуура төрткө бөлдү: бир бөлүгүн казакка, бир бөлүгүн калмакка жеткиртти. Дагы бир бөлүгү кыргызга, бири сарттарга кетти.
Кер-Көлгө жүрүш. Тейиш кандын тоюнда алты күнү жатышты, көп кызыкка батышты. Анан Манас баатыр дагы кол курады. Бул жолу улуу черүү – кол болду, болгондо да өтө мол болду. Кол санынан жердин бети көрүнбөйт, алардан чыккан чаңдан көктүн бети көрүнбөйт, басып өткөн жери такырайып чөл болду. "Кол башында добулбас согуп күңгүрөп, керней тартып бапылдап, сурнайдын үнү такылдап, жарактын баары жаркылдап, асабалар калкылдап, мубакүл найза солкулдап", эми башкача бир жүрүш болду. Баштаганы эр Манас, башка уруудан маңгул бар, баатыр Жайсаң даңгыл бар, Күлдүр, Калдар беги бар, манжуулуктан кошулган Бала Мажик эри бар, баштатан Дөгөн кары бар, аргын Каракожо бар, найман Дуулат кошо бар, Тарактан Тана бийи бар, Таргыл аттуу кары бар, Абактан Айдар каны бар, орчун кыргыз уругу окчу, каракесек бар, орто жолдон кошулган ногойдон он миң эсеп бар, кыргыздардан Саламат, кыпчактардан Таз чечен, Ногой уулу Бакай бар, нойгуттардан Чубак бар, Тотунун Токон эри бар, Набаттын Акунбеги бар, каракалпак Бердике, каңгайлардан Келдике, өзүбектен Дамбылда, өткүр чечен Абдылда, чымыр кара Бообек бар, Чынарстандын Шаабек бар, Жайсаң, Ботпай, Шүкүр бар, кыпчактардан Көкбөрү, кыргыздардан Жүгөрү, кызайлардын Байкабы, эчен-эчен элдер бар, уруштан кайтпас шерлер бар. Ушулардын баарын кыргыздын бир уулу баштап барат, ушулардын баарын бир туунун алдына бириктирип барат айкөл Манас баатыр. Анан алар Каркыранын оюна, кара суунун боюна түшүп, конуш кылып Аралды, атып бугу, маралды, Таңшаң тоого таянып жатып калды...
Манас баатырдын Текес кан менен урушууга барганы. Улуу баяндан 6 факт
Кайын журтка жүгүнүү салтын киргизген Карабөрк. Манас баянынан 5 факт