ЕАЭБдин коомдук уюмдары АКШнын биолабораторияларына каршы резолюция кабыл алды

Активисттер Казакстандын Жамбыл облусуна биологиялык лабораториянын жайгаштырылышы Кыргызстандын да коопсуздугуна коркунуч келтирерин айтышат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. "Ритм Евразии" сайтында "ЕАЭБде блокко кирбеген өлкөлөр каржылаган биолабораторияларды жабуу боюнча Бишкек демилгеси" эл аралык форумунун резолюциясы жарыяланды.
Иш-чара ЕАЭБ мамлекеттеринин коомдук уюмдарынын демилгеси менен өткөрүлдү. Мунун себеби — калктын өмүрүнө, ден соолугуна, коопсуздугуна жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна коркунуч туудурган биологиялык лабораториялардын келип чыгуусу. Анткени аларды НАТОго мүчө-мамлекеттер каржылап, көзөмөлбөйт.
Резолюциянын авторлору бир нече жагдайга көңүл бурушкан:
1. Кыргызстан 2022-жылы ЕАЭБге төрагалык кылат, ага байланыштуу мамлекеттин жана коомчулуктун мындай демилгелерди көтөрүүсүнө толук юридикалык негиздер бар. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын коомчулугу Канада өкмөтүнүн Бишкекте биологиялык лаборатория ачуу демилгесине кескин түрдө макул эместигин билдирген;
2. 2020-жылы ЕАЭБдин мамлекет башчылары коронавирустук пандемияга байланыштуу жарандардын ден соолугун коргоо жана эпидемиологиялык коопсуздук жаатында кызматташууну кеңейтүү идеясын колдошкон. Вирустун пайда болушун көптөгөн эксперттер биологиялык куралдын пайда болушу менен салыштырышты;
3. Пандемиянын фонунда биологиялык жана бактериологиялык куралды иштеп чыгуу дүйнөдөгү актуалдуу маселе болуп калды;
4. Бул лабораторияларда биологиялык куралдын жаңы мууну иштелип чыгышы мүмкүн. АКШ буга чейин дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашык биологиялык лабораторияларды ишке киргизген;
5. Казакстанда BL-4 деңгээлиндеги биолабораторияны жайгаштыруу тынчсызданууну жаратуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө өздүк илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселесин актуалдаштырды;
Активисттер ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн президенттерине жана өкмөт башчыларына, Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилигине блокко кирбеген өлкөлөр каржылаган биолабораториялардын ишин токтотууну камсыз кылуу талабы менен кайрылууда.
"Лабораториянын Казакстандын Жамбыл облусунда жайгашканы Кыргызстандын да коопсуздугуна коркунуч жаратат. Жамбыл жана Талас облустары бирдиктүү экологиялык аймакка киргизилип, авария болгон учурда зыяндуу заттардын аба аркылуу, топурак, жер астындагы суулар аркылуу көчмөн жана келгин жаныбарлардын, анын ичинде малдын өлүмүнө алып келет. Бул аймактар ЕАЭБдин товардык-транспорттук логистикасына интеграцияланган. Ошондуктан кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар болгон учурда биолаборатория ЕАЭБ жана Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн реалдуу биологиялык коркунуч жаратат", — деп айтылат билдирүүдө.
ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн калкынын аскердик, биологиялык жана экономикалык коопсуздугундагы коркунучтарды жоюу үчүн активисттер ЖККУнун жетекчилигин жана мүчө-мамлекеттер өз аймагындагы биологиялык лабораториялардын ишмердүүлүгүн катуу көзөмөлгө алышы керектигин айтышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада биологиялык курал жасоонун артында ким турганы аныкталды