БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Чүй, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жана республиканын калган облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +25...+30, Нарын аймагында +26...+31 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ошто +36...+38 жана Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска жетет.