Жекшембиге карата аба ырайы

26-июнда республика аймагында күндүн катуу ысышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жекшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +34…+39, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +24…+29 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +35…+37, Ош калаасында +36…+38, Чолпон-Атада +24…+26 градусту көрсөтөт.
Бишкектен Балыкчыга каттаган поезд бүгүн жолго чыкпай калды. Себеби