БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Казиного карапайымдар эмес, чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы кыргыз жарандары кире албай тургандай кылдат механизмдер иштелип чыкканын белгиледи. Бир факт катталса казино ээси лицензиясынан ажырап, кирген жаран камала турганын айткан.
"Казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Акчасы асмандан түшкөндөр кирет. Айрымдары "биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат" деп элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Көзөмөлдөөгө толук күчүбүз жетет", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бажы менен салыктан түшкөн каражатты эле карап отурбай башка каржы булактарды дагы издеш керектигин белгилеген.
"Казынага миллиарддаган салык түшөт. "Байдыкын байкуш аяйт" болбогула. Ошол каражат менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы. Элибиздин жашоо-шартын оңдоп алалы. Эми казинодон түшкөн акча менен бардык министрликтердин эмгек акыларын дагы көтөрөбүз", — деди Жапаров.
Ал эми диний көз караш менен карап жаткандарга кайрылып, экономиканы көтөрүү оор болуп жаткан чакта анын ордуна молдо президент келсе да ушундай кадамга бармактыгын айтты.