Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды

Күйөөсү 31, ал эми маркум келин 25 жашта болгон. Эркек киши милицияга өзү кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сузакта аялын муунтуп өлтүрүп, короого көмүп салды деп шектелген киши камоого алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.
Сузакта аялын муунтуп өлтүрүп, короого көмүп салды деп шектелген киши камоого алынды
Билдирүүгө ылайык, 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө "Бекзат" аттуу адам чалып, аялын сабап өлтүрүп алганын билдирген. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып териштирүү иштерин баштаган.
"Сузак районунун Киров айылынын Т.Б. аттуу 31 жаштагы тургуну Т.О. аттуу 25 жаштагы аялын 22-июндан 23-июнга караган түнү кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп, андан соң үйүнүн короосуна көмүп салганы аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркумдун сөөгү табылган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде иш козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Өзбекстанда оор кылмышка шектелип эки жыл изделген жаран Чүйдөн кармалды