Нарында жол салынчу жерге жакын аймакта тарыхый эстеликтер, көрүстөн табылды. Сүрөт

Андай зер буюмдар буга чейин Казакстанда да табылган жана алар биздин заманга чейинки VII-IV кылымдарга таандык делүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Курулуш иштери баштала турган Эпкин — Дыйкан жолунун боюнда 44 тарыхый-маданий эстелик табылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
1 / 4

Курулуш иштери баштала турган Эпкин — Дыйкан жолунун боюнда 44 тарыхый-маданий эстелик табылды

2 / 4

Маалыматка ылайык, түндүк-түштүк жолун куруу иштери жүрө турчу тилкеде учурда изилдөө иштери жүрүп жатат

3 / 4

Долбоордогу тилкеде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен жана Кыргыз улуттук тарых музейинен археологдор тобу чакыртылган

4 / 4

Аларды профессор Кубатбек Табалдиев жетектөөдө. Июнь айынын башында алар казуу иштерин баштаган.

Маалыматка ылайык, түндүк-түштүк жолун куруу иштери жүрө турчу тилкеде учурда изилдөө иштери жүрүп жатат.
"Кочкор өрөөнүндөгү Кызарт ашуусуна жакын жерден тарыхый эстелик чыккан. Аял таш менен тегеректелген шакекченин ортосуна атайын жасалган таш үкөктүн ичине коюлуп, үстү жабылган. Ал жерден изилдөөчүлөр эки алтын сөйкө тапкан. Мындай зер буюмдар буга чейин Казакстанда табылган жана алар биздин заманга чейинки VII-IV кылымдарга таандык делүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.
Долбоордогу тилкеде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен жана Кыргыз улуттук тарых музейинен археологдор тобу чакыртылган. Аларды профессор Кубатбек Табалдиев жетектөөдө. Июнь айынын башында алар казуу иштерин баштаган.
Тарыхы талкаланып, алтыны чыгарылып жаткан Чаткалдын кейиштүү абалы. Маек