Радио

Сарбагишев: бардык спортчулар арасында допингге каршы күрөшүү иши күчөтүлөт

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев олимпиадалык спорттун түрлөрү менен машыккан бардык спортчуларды допингге каршы окутуу курстарынан өткөрүү мерчемделгенин айтты.
Sputnik
Өлкө имиджине кедергисин тийгизбеши үчүн машыктыруучуларга жана спортчуларга үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүрүп, дайыма көзөмөлдө болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин алдындагы "Допингге каршы улуттук борбору" дирекциясы учурда атайын программа менен кызуу иш алып барып жатат.
"Улуттук олимпиада комитети Допингге каршы улуттук борбордун өкүлдөрү менен көп жолу жолугуп, кызытмага каршы күрөшүүнүн программасы менен таанышканбыз. Буга чейин Казакстандан Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин аймактык өкүлү бизге келип, аудит жүргүзүп, жакшы баа берилген. Ар бир спортчуга, машыктыруучуга допингге каршы күрөшүү иши күчөтүлүп, окутуу курстарынан өткөрүү мерчемделүүдө. Анткени бул нерсе өлкө имиджине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кандай препараттар колдонууга болорун жана тыюу салынган дарылардын тизмеси бекитилип, бардык процедуралар боюнча түшүндүрүү ишине өзгөчө көңүл бурулат", — деди Сарбагишев.
Ошондой эле адис Улуттук олимпиада комитети спортчулардан турган комиссия түзүп, алар улуттук спорттук федерациялар менен тыгыз байланышта иш алып барууда чоң милдет аткарарын кошумчалады.