Бишкектен Балыкчыга каттаган поезд бүгүн жолго чыкпай калды. Себеби

Каттам качан жанданары белгисиз, ал боюнча кошумча маалымат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Сел жана көчкү жүргөнүнө байланыштуу бүгүн, 25-июнда, Бишкек — Балыкчы поезд каттамы жүрбөйт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ түштөн кийин сел Жел-Арык тилкесинде темир жолдун шагылдарынын 10 метр жерин жууп кеткен. Дагы бир тилкеде жер көчүп, жолдун 35 метрин басып калган.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Балыкчыдан Бишкекке чыккан поезд кечээ, 24-июнда, кайра артка кайтууга аргасыз болгон.
Жол "Кыргыз темир жолу" ишканасы тарабынан тазаланган. Бүгүн аталган аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери изилдөө жүргүзөрү айтылды.
Ишканадан темир жол каттамынын жанданышы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.
Таластын Көпүрө-Базарында сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Видео