Билим берүү министрлигине кайрылуу үчүн түз байланыш телефону ачылат

Жарандар бардык суроолор менен чалып жооп ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндө элге маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечим министрлеринин кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Ага ылайык, каалоочулар "110" кыска номердеги түз байланыш аркылуу чалып, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду берсе болот.
Мектептеги билим берүү стандарты 50 пайыз жаңыланат. Долбоордогу өзгөчөлүктөр