Жапаров жаңы Ак үйдү кура турган дирекцияны жоюу боюнча жарлыкка кол койду

Жоюлган дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ак үйдү куруу долбоору Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыз курулуш сервис" мамлекеттик ишканасына берилет. Мындай чечим иш башкармалыктын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында кабыл алынды.
"Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган "Архи-Вижн" ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, объектинин курулушун жүргүзө турган ишкана аныкталат", — деп айтылат маалыматта.
Жоюлган дирекциянын башка долбоорлору болгон эмес.
Жаңы Ак үй. Жапаровдун маалымат катчысы элге статистика менен жооп кылды