Жалал-Абадда ири өлчөмдө пара алып жүргөн жетектөөчү адис кармалды. Видео

УКМК айыпталуучу тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлап, видеосун жиберишти.
"Анын мамлекеттик жарандык кызматтын, муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары, муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган", — деп айтылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнө ("Пара алуу") ылайык кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган.
УКМК айыпталуучу тергөө абагына киргизилгендигин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Жумгалдын пара алууга шектелген соту убактылуу тергөө абагына киргизилди