Радио

Султангазиев: өлкөдөгү токойлордун генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдөө керек

Борбор Азия боюнча эколог Ормон Султангазиев Кыргызстандагы токойлордун генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдеп, инвентаризация жүргүзүү керектигин айтты.
Sputnik
Карагай токойлору өлкөнүн Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө бар. Кайсы өсүмдүктүн популяциясы көп болсо, ошол өсүмдүк жаратылыш шарттарына, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берип, адаптация боло алат. Изилдөөнүн натыйжасында алардын түрлөрүн сактап калуу аракетине көңүл буруу керек. Бул тууралуу Ормон Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, генетикалык ар түрдүүлүккө ээ токойлордун картасын түзүп, көптөгөн популяциялардын уруктарын алып, генетикалык банкта сактоо зарыл.
"Кыргызстандагы токойлордун генетикалык ар түрдүүлүгүн изилдеп, инвентаризация жүргүзүү абзел. Мисалы, карагай токойлору өлкөнүн Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө бар. Кайсы популяцияда биоартүрдүүлүк көп болсо, ошол өсүмдүк жаратылыш шарттарына, климаттын өзгөрүшүнө туруштук берип, адаптация боло алат. Изилдөөнүн натыйжасында алардын түрлөрүн сактап калуу аракетине көңүл буруу керек. Бул үчүн генетикалык ар түрдүүлүккө ээ токойлордун картасын түзүп, көптөгөн популяциялардын уругун алып, генетикалык банкта сактоо зарыл. Кийинчерээк кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп кетсе, генбанктан алып, кайрадан өстүрүп алууга мүмкүн болот. Аны да климаттык өзгөчөлүктөрүнө карата туура бөлүштүрүү керек. Себеби Таласта өскөн арча башка аймакта байыр албай калышы мүмкүн", — деди Султангазиев.
Ошондой эле адис баалуу, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн тизмесин аныктап, уруктарын сактап коюу зарылдыгын кошумчалады