Казакстанда COVID жуктургандардын саны кайрадан өсүп келе жатат

Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Алматы шаарында, мисалы, өткө суткада бул жерде 38 кишиден вирус аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйө баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Оорунун өсүү темпи төмөнкүдөй:
20-июнь — 20;
21-июнь — 32;
22-июнь — 42;
23-июнь — 54.
Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Алматы шаарында, мисалы, өткө суткада бул жерде 38 кишиден вирус аныкталды. Экинчи орунда Нур-Султан (сутка ичинде 8 киши) калаасы турат.
Жалпысынан COVID-19 пандемиясы башталгандан бери коңшу өлкөдө 1 306 110 учур катталган.
Эске салсак, Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан менен чек арасындагы чектөөлөрдү алып салган. Мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча Казакстандын ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.
Башка коңшулар тууралуу айта турган болсок, Кыргызстан сыяктуу эле Өзбекстан менен Тажистанда дагы бир нече айдан бери коронавирус жуктургандар аныктала элек.
Коронавирус менен ооругандар уйкуну кантип жөнгө салса болот? Адистин кеңеши