Осмонов менен Султанбекова ТүркПА комиссиясынын жетекчилигине дайындалды

Кызматка бекитүү чечими ТүркПАнын XI пленардык отурумунда кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин эки депутаты Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясындагы (ТүркПА) комиссиянын жетекчилигине дайындалды.
1 / 2

Айбек Осмонов

2 / 2

Чолпон Султанбекова

Эл өкүлү Айбек Осмонов Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгына, ал эми Чолпон Султанбекова Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.
Мындай чечим бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПАнын XI пленардык отурумунда кабыл алынды.
Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушу айтылды