Радио

Сыдыбаев: ЖОЖдорго кабыл алуу болжол менен 18-июлдан кийин башталат

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адиси Амангелди Сыдыбаев 2021-2022-окуу жылында 67 миңден ашуун окуучу мектепти аяктаганын айтты.
Sputnik
Быйыл 9-класстарга аттестат 5-июлда, 11-класстарга 7-июлда таңкы саат 9:00дө салтанаттуу линейкада тапшырылат. Бул тууралуу Амангелди Сыдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл 9-классты 108 миңден ашуун, ал эми 11-классты 67 миңден ашуун окуучу бүтүргөн.
"Мектепти аяктагандыгы тууралуу документтер 5-7-июль күндөрү тапшырылат. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу болжол менен 18-июлдан тарта башталат. Ал эми абитуриент чет мамлекетке окууга тапшырып жана биз көрсөткөн мөөнөттөн эрте кетиши талап кылынса, анда райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарына тиешелүү тастыктоочу документтери менен кайрылса болот", — деди Сыдыбаев.
Ал ЖРТга быйыл эки этаптын жыйынтыгы боюнча 47 628 окуучу катышкандыгын, үчүнчү этаптын жыйынтыгы азырынча чыга электигин кошумчалады.