Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: украиналыктардын АКШ менен Түркиянын пилотсуз учактарына ичи чыкпай турат

Украинанын да, АКШнын да аткаминерлери Россиянын абадан коргонуу системалары Gray Eagle аппаратын бат эле жок кылышы мүмкүн деп кооптонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Украин учкучтары америкалык MQ-1C Gray Eagle пилотсуз чабуул коюучу аппараттарын колдонуу өтө кооптуу, ал эми түркиялык "Байрактар" эч нерсеге жарабайт деп эсептешет. Бул тууралуу Foreign Policy журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Атын атагысы келбеген аткаминерлердин журналга айтканына караганда, дрондорду колдонуу боюнча учкучтар менен штаб башчысынын ортосунда пикир келишпестик бар. Украинанын да, АКШнын да аткаминерлери Россиянын абадан коргонуу системалары Gray Eagle аппаратын бат эле жок кылышы мүмкүн деп кооптонууда. Учкучтар ошондой эле америкалык учкучсуз учактар бир же эки миссиядан чыкпай калышы ыктымал экенин айтып жатышат.
Макалада жазылгандай, РФ абадан коргонуу системасын бекемдегенден кийин украиналык учкучтар "дээрлик жараксыз" болуп калган "Байрактарды" кез-кезде гана колдонууну чечкен.
Батыш кайрадан "Россияны жеңүүгө" белсенди