Кыргыз көйнөк кийип бийлеп, ат чаап... Валентина Шевченконун видеосу

Шевченко мекенине өткөн жумада келген. Андан бир нече күн мурун Сингапурда өткөн UFC турниринде жеңишке жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко кыргыздын улуттук көйнөктөрүн кийип түшкөн видеосу менен бөлүштү.
Ролик Кыргызстанда тартылган. Анда ал улуттук аспаптардын коштоосунда бийлеп, жаратылыш койнунда ат чаптырып баратканын көрүүгө болот.
"Кыргызстанга кош келиңиздер", — деп жазган ал.
Эске салсак, Шевченко мекенине өткөн жумада келген. Андан бир нече күн мурун Сингапурда өткөн UFC 275 турниринде жеңишке жеткен. Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен беш раундга чейин мушташып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Муну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук макамын жетинчи ирет коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койду.
Жети жолу чемпион атыккан Валентина Шевченко UFC уюмунда рекорд жаратты