БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда тракторунун айнегин караңгылаткан айдоочуга 20 миң сом айып салынды.
Интернетте ноокаттык дыйкан мээ кайнаткан ысыктан сактануу үчүн тракторунун алдыңкы айнегин караңгылатып алган видео тарады.
"Парламентте иштегендер мыйзам жазат. Бул штрафты карагылачы? Жер салыгын азайталы дедиңер, жыйынтыгы ушулбу? Талаада иштеп жүргөндө күндөн калкаланайын деп муну чаптап алгам. Мен эмне муну тагып барып банкты тономок белем? Бул үчүн МАИчилер мага 20 миң сом айып салышты. Анын 6 миң сомун төлөдүм. Бул мыйзамды ким жазды? Кандай сабатсыз адам? Ушундай тонировка үчүн дагы 20 миң сом айып салса болобу?" — дейт айдоочу.
Июнь айынын башында республикада автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатып жүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Мыйзамсыз караңгылаткандар айыпка тартылмакчы.