Стамбулдагы токойдон 40 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Полиция кызматкерлери аялдын сөөгүн 21-июнга караган түнү тапкан. Шектүүлөрдүн кармалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Түркияда кыргызстандык 40 жаштагы К. Н. аттуу аялдын сөөгү табылгандыгын КРдин Стамбулдагы Башкы консулдугунан кабарлашты.
Аны Гиресун провинциясындагы токойдон мындан эки күн мурда, тагыраагы, 21-июндун түнүндө, табышкан.
"Учурда Түркиянын тартип сактоо органдары ыкчам иликтөө-издөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүү катары М. А. жана Х. Ч. аттуу кишилер кармалган", — деп айтылган консулдуктун маалыматында.
Haberturk басылмасы аялдын ок жегендигин, себеби денесин карай келгенде атылган белгилер болгондугун жазды.
Маалыматта кармалгандардын бири анын жарандык никеде турган күйөөсү, М. А. аттуу киши кызганычтын айынан аялга кол салгандыгын мойнуна алганы айтылган.
Башкы консулдук бул маселе алардын көзөмөлүндө экендигин билдиришти.
Түркияда бычакталган кыргызстандык кыз. ТИМ анын абалын айтты