БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликсиз ишине жол берилбей, борбордук бийликтин чечимдери кынтыксыз аткарылышы зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кеңешмеде айтты.
Ошондой эле мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде күндөлүк турмушуна зарыл маселелерин ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
"Аткаруу тартиби аксап жатат. Конкреттүү багыттар боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчылары чабал иштеген учурлар бар", — деди Жапаров.
Мындан тышкары, Жапаров жер-жерлерде туризм чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз иштөө маселесине көңүл бурду.
Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты.