Коррупционер, уурулар акталабы? Бийлик жарыялаган акциянын чоо-жайы

Бийликтин демилгеси парламентте биринчи окууда каралып, кээ бир депутаттар аны мамлекетти тоногон коррупционерлерди актоо катары кабылдады.
Sputnik
Кыргыз өкмөтү жарандар болгон мүлкүн ачык көрсөтсө, байлыкты кантип чогултканын сурабай бүт жоопкерчиликтен бошотуп, мунапыс берүү мыйзам долбоорун алып чыкты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, 2022-жылдын 1-январына чейин алган мүлкүн өз атына каттаса, укук коргоо органы андан кирешени кайдан тапканын сурабайт. Мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш ишин козгобойт. Долбоордун максаты — жалпы салыктык декларацияга даярдоо жана көмүскө экономикадагы активдерди ачыкка чыгаруу. Акциянын мөөнөтү бир жыл.

Буга чейинки мунапыстардан натыйжа болгон жок

Ошондой эле министр Кыргызстандагы көмүскө экономика Статкомдун билдирүүсү боюнча 25 пайызды, эл аралык уюмдардын божомолу менен 47 пайызды түзөрүн билдирди. Андан тышкары, Кореядан келген адистер салык базасынын 70 пайызы көмүскөдө турганын айтып жатканын белгиледи.
"Буга чейин ушундай мыйзам жети жолу даярдалып, эки ирет ишке киргизилген. Анда 39,4 миллион сом түшүп, 9,2 миң киши декларациясын беришкен. Тилекке каршы, ал акциялар өзүнүн максатына жеткен жок. Анткени мамлекет тарабынан толугу менен кепилдик берилген эмес. Декларанттардын үстүнөн иш козголгон учурлар дагы болгон", — деди Амангелдиев.
Ошондой эле ал мындай акция Казакстанда төрт жолу жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Мамлекет кол тийгизбөөгө кепилдик берет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кылмыш иши козголгон, сот күнөөлүү деп тапкан жарандарга жайылтылбай турганын айтты. Ал эми өз ыктыяры менен декларациясын ачык-айкын тапшыргандарга мамлекет толугу менен кепилдик бермекчи.
"Биз ушул кепилдиктердин негизинде кийин укук коргоо органдары кылмыш ишин козгой албай тургандай кылып иштеп чыктык. Президент тапшырма берип, башкы прокурор 500дөй ишкер менен жолугуп сүйлөшкөн. Мурда укук коргоо органдарды мындай мыйзамды колдочу эмес. Азыр макул болуп жатышат", — деди Жапаров.

Мыйзам кабыл алынса коррупционерлер шампан атат

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору мамлекеттин байлыгын уурдаган коррупционерлер үчүн жазылган деп сындады.
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
"Мен өзүмдү келесоо сезип жатам. 2022-жылга чейин уурдаганга жетишпей калдыңбы, келесоосуң. Уурдап жүрсөң, сүттөн ак, суудан таза болуп калат экенсиң. Мыйзам долбоордун негизги өзөгү ушул. Эгер кабыл алынса коррупционерлер шампан атышат. Жемкорлорду акташ үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатасыңар. Миллион, миллиарддарды уурдасаң медаль аласың. Жөнөкөй жарандар кичине бир уурулук, 10 миң сом үчүн камалып жатпайбы. Бул өтө кооптуу. Мен караманча каршымын", — деди Бекешев.
Эл өкүлү Адахан Мадумаров дагы бул мыйзам уурулардын жасаган ишин мыйзамдаштырып коюуга барабар болорун айтты.
"Бир топ ууру кишилерди жарыкка чыгарышыбыз керек болуп калды деп айтсаңар. "Кайдан, канча, кантип уурдадың?" деп сурабайбыз, жетиштүү деңгээлде уурдап алдык дебейсиңерби. Алардын арасында ушул долбоорду иштеп чыгып киргизип жаткандар дагы бар", — деди Мадумаров.

Прогрессивдүү кадам

Бул демилгени колдогон депутаттар дагы бар. Нурлан Шакиев өнүгүүгө бет алган өлкөлөрдө мындай мунапыс жакшы натыйжа бергенин айтты. Дагы бир парламентарий Кундузбек Сулайманов өкмөттүн мындай кадамын "прогресс болуп жаткандын белгиси" деп атады.
Шайлообек Атазов да мыйзамды колдой турганын билдирип, ошол эле учурда премьер-министр, мэрлердин тагдырына кызыкты.
"Долбоор боюнча террорчулук, адам өлтүрүүдөн башка иштерге мунапыс берилет экен. Мамлекетти тоногон министр, премьер-министрлер, Бишкек шаарын тоногон мэрлер бар. Ошолорго тиешеси барбы?" — деп сурады депутат.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер сот күнөөлүү деп таппаса, алар да мунапысты пайдаланса болорун билдирди.
Белгилей кетсек, бул мыйзам финансылык террордук ишти жасоо, адамдарды соодалоо, бандитизм жана баңгизат каражаттарын жүгүртүү аркылуу киреше алгандыгы үчүн издөөдө жүргөн адамдарга жайылтылбайт.

Мыйзамсыз байыгандар сегиз жылга чейин камалат

Мыйзам боюнча кызмат адамдары мал-мүлкү тууралуу мамлекетке декларация тапшырууга милдеттүү. Кылмыш-жаза кодексинин 340-беренеси мыйзамсыз байыгандарга багытталган. Эгер жарандын тапкан кирешеси менен чыгашасы дал келбей калса, дал ушул берене менен кылмыш иши козголот. Катардагы кызмат адамы 300-500 миң сом айыпка жыгылып, же мүлкүн конфискациялоо менен белгилүү бир мөөнөткө мамкызматта иштөөсүнө тыюу салат. Болбосо жеш жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми жооптуу кызматты ээлегендер сегиз жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.
Өкмөт ишкерлердин нак акча кармашын чектөөнү көздөөдө. Мыйзам долбоордун чоо-жайы