"Ош" базардын жанындагы митинг. Мэрия соодагерлерге убада берди

Соодагерлер соода борбордун ижара акысын көтөрүү чечимине каршы митингге чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек мэрия "Берекет Универсал" соода борборундагы ижара акы жакынкы аралыкта жогорулабай турганын билдирди.
Бүгүн соодагерлер митингге чыгып, администрациянын ижара акысын көтөрүү боюнча чечимине каршы чыгышкан. Алар чарчы метр үчүн 40 сомдон төлөп келишсе, эми дагы 40 сомго жогорулатуу пландалып жатканын айтышкан.
Мэрия билдиргендей, борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев жана "Берекет" ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев сатуучулар менен жолуккан.
"Район башчысы директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүрүп, соода орундары үчүн тарифтер жакынкы аралыкта көтөрүлбөй турганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада топтолгон соодагерлер орундарына кайткан.
Жапаров ККМге каршы митингге чыккандардын маселеси кандай чечилерин айтты