Жума күнгө карата аба ырайы

23-24-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 24-июнь, жумага караган түнү, кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарында +21...+26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +29...+31, Чолпон-Атада +23...+25 градус жылуу болот.
Кумтөрдө жылып жаткан карьердин азыркы абалы тууралуу маалымат айтылды