Бүтүрүү кечесин өткөрүүгө жана акча чогултууга тыюу салынат

Билим берүү жана илим министрлиги буйрук чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бүтүрүү кечесин өткөрүүгө жана акча чогултууга тыюу салынды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча аталган ведомствонун атайын буйругу чыккан.
"Акча чогултууга жол берген мектептердин директорлоруна, класс жетекчилерге жана мугалимдерге чара көрүлүп, ал тургай иштен бошотулушу мүмкүн", — деп айтышты министрликтен.
Мектептерде бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды тапшыруу салтанаты 5 жана 7-июлда болмокчу.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү качан аттестат алары белгилүү болду