"Задний проходдон кирип кетсе чатак болот". Коргонбай уулу залды күлкүгө салды

Депутат кумарканалар ачылып калса кыргыз жарандарын киргизбей, катуу көзөмөл кылуу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жаңылып сүйлөп, залда отурган депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүн күлкүгө салды.
Ал казинонун айынан канчалаган үй-бүлө бузулуп, көптөгөн тагдырлар талкаланганын белгиледи.
"Кыргыз жарандарынын казиного киришине катуу тоскоолдук кылып, катуу көзөмөлдөш керек. Анан эртең ачып алгандан кийин бир тешигинен, "задний проходунан" жергиликтүүлөр кирип кете турган болсо чатак болот", — деди депутат.
Коргонбай уулунун сөзүнөн кийин залда отургандар токтоно албай каткырып жиберишти.
Балбак Түлөбаев: казино ачпасак, анда Ирандай болуп шарият жолуна түшөлү