Таштанбеков: Мадумаров өкмөткө гол киргизди, эми аны менен ойногонду үйрөнөлү

Бүгүн казиного уруксат берүү мыйзамын кабыл алууда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы добуш бербей койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Адахан Мадумаров бүгүн утуп чыкты, эми аны менен ойногонду үйрөнүшүбүз керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламентте билдирди.
"Мадумаровду эмне кылсаңар деле Мадумаров бойдон калат. 30 жылдан бери эч ким өзгөртө алган жок. Ошон үчүн Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керек. Мойнубузга алалы, бүгүн 1:0 кылды, өкмөткө гол киргизди. Эми трагедия кылбай эле аны менен ойногонду үйрөнүшүбүз керек. Мадумаровдун артынан чуркап "сен туура эмес кылдың" деп кыйкырганда эмне. Андыктан макул жеңилдик деп эки-үч күндөн кийин жаңы регламентти кабыл алып, ошону менен добуш берели", — деди Таштанбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн казиного уруксат берүү мыйзамын кабыл алууда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы добуш бербей, документ ара жолдо калган. Мындай жол менен алар мыйзамды өткөрүүгө каршылыгын билдиришкен.
Ыйлабай, күлбөй, бир чечимге келиңиз! Ташиев депутат Сулаймановду какты