Стоматолог тиш кайсы учурда наркоз менен дарылана турганын айтты. Видео

Адис адатта бүйлөгө ооруну сездирбөөчү ийне сайыла турганын, ал эми наркоз бейтаптарга зарыл учурда гана берилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Тишти кайсы учурда наркоз берип дарылатса болорун Sputnik агенттигине стоматолог-терапевт Асира Жанузакова айтып берди.
Дарыгер адатта бүйлөгө ооруну сездирбөөчү ийне сайыла турганын, ал эми наркоз бейтаптарга зарыл учурда гана берилерин айтты.

"Бир нече тишин дароо жасатып, дарылайм дегендерге наркоз колдонулат. Андай бейтаптар өзүнчө кабинетте жатат. Ал жакта дарыгер менен анестезиолог болот. Наркоз менен дарылана турган адам алдын ала анализдерди тапшырат. Жүрөгүн, канынын курамын, аллергиясынын бар-жогун текшерет. Ошолордун баары туура келсе анан кезекке жазылат", — деди стоматолог.

Адис тишти дарылоодо наркоз чоңдорго дагы, балдарга дагы бериле турганын кошумчалады.
Таң эрте тишти жуубай туруп суу ичпеш керек! Стоматолог зыяны тууралуу