Москвада 1 418 шам жагылып, азаптуу күндөр эскерилди. Видео

1941-жылдын 22-июнь күнү фашисттик Германия СССРге кол салган. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Москвадагы "Музеон" паркында "Линия памяти" акциясы өттү. Бул 22-июнь — Эскерүү жана аза күтүү күнүнө арналды.
РИА Новости Тelegram каналы анын видеосун жайгаштырды.
Акциянын алкагында 1 418 шам жагылып, алар Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир күнүн билдирип турду.
Жээкте, андан сырткары, Бүткүл союздук радионун ошол кездеги легендарлуу диктору Юрий Левитандын Улуу Ата Мекендик согуштун башталганы жөнүндө эфирден айткан кабары жаңырды.
Бул акция Москва шаарында сегизинчи ирет өткөрүлүүдө. Ал эпидемиологиялык кыйын кырдаал учурунда да үзгүлтүккө учураган эмес.
1941-жылдын 22-июнь күнү фашисттик Германия СССРге кол салган. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулуп, 1945-жылы 9-майда СССРдин жеңиши менен аяктаган. Бул согушта совет эли эбегейсиз каармандык көргөзүп, фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүнүн таш-талканын чыгарып, жеңишке жеткен.
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышса, 100 миңден ашуун жердешибиз кан майданда курман болуп, көптөрүнүн дайыны чыкпай калган.
150 миңден ашуун кыргызстандык көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган, 77 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон.
Бишкекте миңдеген шам жагылды. Видео