Диетолог ысыкта иччү суусундукка эмне кошпош керектигин айтты

Жашылча, жемиш, мөмө жана сүт азыктарын кошуп даамдуу гана эмес, пайдалуу дагы суусундуктарды даярдаса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жайкысын көп ичилчү суусундуктарга кант жана курамында канты бар кошулмаларды кошпой эле койгон оң. Бул боюнча РИА Новости агенттигине Москванын Саламаттык сактоо департаментинин башкы диетологу Антонина Стародубова билдирди.
"Жашылча, жемиш, мөмө жана сүт азыктарын кошуп даамдуу гана эмес, пайдалуу дагы суусундуктарды даярдаса болот. Бирок аларга кант жана кант камтыган азыктарды кошпой эле койгула", — деди Стародубова.
Ошондой эле адис жайкысын смузи дагы өзгөчө пайдалуу экенин кошумчалады.
"Жайкысын смузи суусундук катары гана эмес, десерт, жеңил тамак катары дагы кете берет. Негизгиси адам өзүнө жаккан жер-жемиштерди, майдаланган жаңгак кошуп жасап алса болот", — деди адис.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы ысыкта алкоголдук ичимдиктер, кофеин менен катар эле кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштаган.
Диетолог: спирт ичимдиги адамды бат семиртет